Талаптар жеңилдетилген. Бишкекте инспекторлорду жумушка алууга сынак жарыяланды
RU

Талаптар жеңилдетилген. Бишкекте инспекторлорду жумушка алууга сынак жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Республикалык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Милициянын кайгуул кызматына жумушка чакырат. Учурда каалоочуларды кабыл алуу үчүн сынак уланып жатат.

Белгилүү болгондой, талапкерлерге коюлган квалификациялык шарттар жеңилдетилген. Алар:

  • талапкердин жаш курагы 19дан жогору, 30дан ашпашы керек;
  • жалпы орто билими болсо жетиштүү;
  • В, С категориясындагы айдоочулук күбөлүгү (буга чейин А, А1, В, В1, С, С1 категориялары талап болчу).

Сынакка катышуучу үчүн төмөнкү документтер керектелет:

  • жеке арыз;
  • кадрларды каттоо боюнча баракча:
  • өмүр баяны эки экземплярда (кол менен жазылган жана компьютерде терилген);
  • автобиографиялык реферат;
  • билими тууралуу документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  • нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • эркектер үчүн аскердик билеттин көчүрмөсү (түп нускасын конкурс учурунда көрсөтөт);
  • паспорттун копиясы;
  • никелешүү жана балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;
  • укук коргоо органдарында иштөөгө жарактуулугу тууралуу аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусу;
  • 9х12 өлчөмүндөгү 1, 3х4 өлчөмүндөгү 4 сүрөт.

Документтерди кабыл алуу Бишкек шаарынын Ч.Валиханов көчөсүнүн 1А дарегиндеги ЖКККББнын Кадрлар бөлүмүндө жүргүзүлөт.

Байланыш телефондору (0312) 631275, нөөмөт бөлүмү (0312) 630900, (0312) 630901.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14074