Мадагаскарда кармалган жаран "Керемет банк" боюнча кылмыш ишиндеги фигуранттардын бири
RU

Мадагаскарда кармалган жаран "Керемет банк" боюнча кылмыш ишиндеги фигуранттардын бири

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлиги Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн жарандар кармалганын маалымдады. Алардын бири Мадагаскар аралында кармалган 40 жаштагы С.А., ал Кыргызстандан 23 миллион доллар чыгарып кеткен деп шектелүүдө.

ИИМдин маалыматында 40 жаштагы С.А. республикадагы банктардын биринин кызматкерлери менен кылмыштуу топ түзүп, өлкөдөн мыйзамсыз түрдө акча чыгарып кеткендиги айтылган. Анда мамлекетке келтирилген зыян 23 миллион долларга бааланган.

Kaktus.media сайтына укук коргоо кызматкерлери билдиргендей, жогорудагы жаран россиялык Александр Соловьев болуп чыкты. Ал "Керемет банк" боюнча козголгон кылмыш ишинде айыпталуучулардын бири. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен шектүү тергөө абагына камакка алынган.

*****

Белгилесек, 2022-жылдын декабрь айында Бишкекте "Керемет банктын" кызматкерлери кармалган. Алар "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу", "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча айыпталган.

Кармалгандардын арасында банктын Бишкектеги филиалынын директору, ошондой эле эки кызматкери, УКМКнын жеке коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары жана УКМКнын тергөөчүсү, Улуттук банктын мурдагы кызматкери бар. Алар Кыргызстандан 32 миллион доллардан ашык акча чыгарып кетишкен.

Кийинчерээк "Керемет банктын" иши боюнча беш айыпталуучунун экөө эки миллион сомдук зыяндын ордун толтурганы белгилүү болгон, алардын бири Улуттук банктын мурдагы орун басары Айнура Тезекбаева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14080