Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунда жер көчүп, жол жабылды. Видео
RU

Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунда жер көчүп, жол жабылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-августта Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 239-чакырымында жер көчкү жүрдү. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол убактылуу жабылганын маалымдайт.

Учурда "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №960 Жол тейлөө мекемесининин кызматкерлери жана 1 жүктөгүч, 1 автогрейдер менен Ош шаарынан тартылган 1 жүктөгүч жана 1 трейлер иштеп жатат.

Жалпы көлөмү болжол менен 4000 м3дан ашкан жер көчкү саат 09:00 чамасында түшкөн. Азыркы тапта да жер көчкү акырындан жылып жатат. Жолду тазалоо иштери көчкү токтогондо жүргүзүлөт.

Кечки саат 18:00 чамасында жол бир тараптуу ачылары болжолдонууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14083