Кемпир-Абад окуясы: саясатчылар жана активисттер ачкачылык жарыялашты
RU

Кемпир-Абад окуясы: саясатчылар жана активисттер ачкачылык жарыялашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетин түзгөн камалган саясатчылардын, активисттердин жана журналисттердин алтоо ачкачылык акциясын баштады. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Жаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

"22-августта УККнын №21 абагында кармалып турган алты адам тамактан баш тартып жатканын жазуу түрүндө билдиришкен, алар айыпталуучу Ж.Молдокматов, М.Баязов, А.Акматов, А.Бузурманкулов, К.Дүйшөбаев, А.Бекназаров.

Айыпталуучулар өз арызында ачкачылык жарыялоосунун себеби соттук териштирүүгө байланыштуу экенин белгилешти. Алардын СИЗОдогу камоо шарты боюнча Жазаларды аткаруу кызматына эч кандай дооматы жок. Алардын ден соолугунун абалы канааттандырарлык, дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14085