Эми Кыргызстанда окуучулар жыл сайын кыргыз тилинен экзамен тапшырышат
RU

Эми Кыргызстанда окуучулар жыл сайын кыргыз тилинен экзамен тапшырышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эми окуучулар жыл сайын жогорку класска көчүп жатканда кыргыз тилинен экзамен тапшырышат. Бул туурасында Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова маалымдады.

Бул эреже 1-класстан баштап 11-класстын окуучуларына чейин тийиштүү.

Белгилүү болгондой, "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын 17-беренесине таянып милдеттүү түрдө кыргыз тили боюнча жазуу жана оозеки жүзүндөгү көчүрүү (класстан класска), бүтүрүү экзамендери киргизилет.

Ошондой эле кесиптик жана жогорку окуу жайларга кабыл алууда, ал жайларды аяктап жаткан бүтүрүүчүлөр да мамлекеттик тилди канчалык билери текшерилмей болду.

"Мындай норма эски мыйзамда дагы бар эле. Бирок көпчүлүк учурда аткарылбай келген. Эми аткаруу талабы күчөтүлөт", - дейт Орозбекова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14087