Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев каза болду
RU

Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 25-апрелинде катуу оорудан улам Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы "Манас" ордени жана "Даңк" медалынын ээси Бексултан Жакиев 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган.

Кыргыз Республикасынын маданий, коомдук, саясий турмушунда маанилүү орунду ээлеген, кыргыз тарыхында мыкты инсандардын катарын толуктаган Бексултан Жакиев жогорку адамдык парасаты, бийик адамгерчилиги жана мекенчилдиги менен биздин эсибизде түбөлүк сакталат.

Kaktus.kg редакциясы маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1408