Президент Элдик курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту
RU

Президент Элдик курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын президентинин айрым чечимдери күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин администрациясы кабарлады.

Маалымат кызматтан билдиришкендей, мамлекет башчы 2022-жылдын 15-августунда "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында биринчи Элдик курултай өтүп, ага 1074 делегат катышкан.

"Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы кабыл алынгандыгына жана күчүнө киргендигине байланыштуу президенттин 2022-жылдын 22-августундагы №284 "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыгы күчүн жоготту. Ошону менен бирге 2022-жылдын 25-ноябрында болуп өткөн Элдик курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14102