Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган жүк ташуучу унаалардын саны айтылды
RU

Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган жүк ташуучу унаалардын саны айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункттарда топтолгон унаалар тууралуу маалымат таратты. Анда бүгүн, 24-август саат 12:00гө карата Казакстанга кирүү үчүн кезек күткөн унаалардын саны 600дөн ашат.

  • "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда – 379 унаа;
  • "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү пунктунда - 73 унаа;
  • "Кең-Булуң" көзөмөл өткөрүү пунктунда - 89 унаа;
  • "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү пунктунда - 73 унаа.

Чек ара кызматы Кыргыз тараптагы өткөрүү пункттары күнүмдүк тартипте иштеп жатканын маалымдайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14105