Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелгендер кыйноого кабылгандарын айтты. Милиция муну четке кагат
RU

Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелгендер кыйноого кабылгандарын айтты. Милиция муну четке кагат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборуна 3 адамдан арыз түшкөн. Алар Чүй облусунун Сокулук районунун милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылгандарын айтышкан.

Арызда 2023-жылдын 20-июлунда милиция кызматкерлери Д.А.ны РИИБдин имаратына жеткирип, сабап, тепкилеп, кылмышты моюнга алдыруу үчүн башына уксус куюлган баштыкты кийгизгени айтылган. Кыйноо саат 11:00дөн таңкы саат 4кө чейин уланганы белгиленген.

Бул кайрылуудан кийин 27-июлда Кыйноолорду алдын алуу борбордун кызматкерлери Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына барышып, Д.А.нын жаракат алганын аныкташкан.

"Р.Д., Р.Ю.нын 20-июлдагы билдирүүсүнө ылайык, милиция кызматкерлери аларды Сокулук РИИБине чакырып, мекемеге келгенден кийин кызматкерлер аларды сабап, тээп, баштарына уксус куюлган баштык кийгизишкен. Кыйноолорго туруштук бере албай калганда Р.Д. өзүнө каршы, ал эми Р.Ю. агасы менен атасына каршы көрсөтмө берген", - деп айтылат борбордун маалыматында.

Кыйноолор боюнча бардык арыздар УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Милиция кыйноолор болду деген билдирүүнү четке какты

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан жогорудагы маалыматты четке кагып, чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, Д.А.,Р.Д. жана Р.Ю. аттуу жарандар мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 1990-жылы туулган К.Ж. аттуу жарандын окуясы боюнча кармалган. Алардын оор кылмышка катышы бар экендиги тергөөнүн жүрүшүндө алынган буюм далилдер, жана башка иш материалдары менен тастыкталган.

Ошол себептен айыпталуучулардын, милиция кызматкерлери тарабынан физикалык же моралдык кысым көрсөтүү жолу менен күнөөнү моюнга алдырды деген билдирүүлөрү бул коомчулукту адаштырууга жана алардын жасаган кылмыштын жоопкерчилигинен качуу аракети болуп эсептелет.

Кылмыш тууралуу

2023-жылдын 22-июль күнү 1990-жылы туулган К.Ж. Сокулук районунун Чат-Көл айылында жайгашкан үйүнөн унаасы менен чыгып, дайынсыз жок болуп кеткен. Кийинчерээк унаасы айылдын кире беришинен табылган.

Аталган факты боюнча 169-берененин ("Адам уурдоо") негизинде кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө К.Ж. дайынсыз жоголгон күнү карызга акча алып, кайтарып бербей жүргөн Ю. аттуу айылдашына кеткени такталган.

24-июлда Чат-Көл айылынын тургундары - 1988-жылы туулган Р.Ю., 1993-жылы туулган Р.Д. жана 1965-жылы туулган Д.А. аттуу жарандар К.Ж.ны өлтүргөндүгү жана денесин Чат-Көл айылынын четиндеги таштандылардын арасына жашырып койгондугу такталган.

Адам уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине (Киши өлтүрүү) кайра квалификацияланган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыштын баардык жагдайлары аныкталып, далил катары буюмдар табылган. Кылмышка шектүүлөр Сокулук райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14111