Олжобай Шакир 2 айга камалды
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 24-августта публицист жана активист Олжобай Шакирдин баш коргоо чарасын карады.
Белгилей кетсек, Олжобай Шакирге "Массалык баш аламандыкка чакыруу" жана "Бийликти басып алууга аракет кылуу" беренелери боюнча айып тагылган. Тергөө судьясы аны эки айга СИЗОго камакка алуу чечимин чыгарды.
Жактоочу Бакыт Афтандил журналисттерге иш негизсиз экенин айтып, соттун чечимине даттанарын билдирди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/14116