Президенттин "Акылман" лицейине мугалимдер жана окуучулар кабыл алынды. Тизме
RU

Президенттин "Акылман" лицейине мугалимдер жана окуучулар кабыл алынды. Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Акылман" президенттик лицейине мугалимдер жана окуучулар тандалды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, лицейге педагогикалык жогорку билими бар, тажрыйбалуу, STEM предметтери боюнча англис тилин билген 22 мугалим тандалды.

Педагогикалык курам республика боюнча конкурстук негизде тандалып, алардын төртөө чет өлкөлүк мугалимдер.

Президенттик лицей Кыргызстанда интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу, алардын илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, Кыргызстандын өзгөчө зээндүү балдарын колдоо жана дем берүү максатында уюштурулду.

"Акылман" президенттик лицейинин педагогикалык курамынын тизмеси:

Аты жөнүКызматы
Рыскулов Эмил КазыбековичДиректор
Самакова Гүлбарчын КалыгуловнаДиректордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары
Даирбек ДүйшөбаевДиректордун тарбия иштери боюнча орун басары, англис тили мугалими
Тюменбаева Чолпон ДүйшеевнаДиректордун илимий-усулдук иштер боюнча орун басары, кыргыз тили жана адабияты мугалими
Батырбек уулу ИскендерДиреткордун STEAMбагытыбоюнчадиректордун орун басары
Кенжебаев Урматбек  СадыровичДиректордун чарба иштери боюнча орун басары
Жасоолова Гүлнара АжымкановнаПсихолог
Каныбекова Мээрим КаныбековнаСоц.педагог
Даниярова Майрам ДанияровнаЖатакана жетекчиси
Алмазбек уулу ӨмүрбекАнглис тили мугалими
Офори Квем БемпаАнглис тили мугалими
Жунушбаева Динара ӨмүрхановнаОрус тили жана адабияты мугалими
Сыдыков НуржигитХимия мугалими
Азиз ЯсинМатематика мугалими
Ирса КханБилогия мугалими
Надия СасмаФизика мугалими
Абдимажитова КүмүшканГеография мугалими
Бариева Нурзада МакеновнаКитепканачы
Кубанов Сүйүнбек КойчубаевичДене тарбия мугалими
Толукбаева Сонун  ЭсенгуловнаТехнология мугалими
Бейшембаева Акылай АлыбековнаТарбиячы
Кусейинова Мээрим ТоктосуновнаТарбиячы

Ошондой эле 2023-2024-окуу жылына карата "Акылман" президенттик лицейине тандоо сынагы аркылуу 75 окуучу тандалды.

15-августтан 22-августка чейин жүргүзүлгөн тандоо сынагына республика боюнча 1 миң 220 окуучу катышты. Сынактын жыйынтыгы боюнча тандалган окуучулардын саны:

  • Бишкек шаары – 3
  • Чүй облусу – 9
  • Ысык-Көл облусу – 8
  • Нарын облусу – 5
  • Талас облусу – 3
  • Жалал-Абад облусу – 17
  • Ош шаары – 3
  • Ош облусу – 18
  • Баткен облусу – 9

Окуучулардын толук аты-жөнү менен шилтемеден таанышыңыз.

Лицейге бардык региондордон, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана калктын башка аярлуу категорияларынан таланттуу балдар тандалып алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14117