ТИМ Казакстанда кармалган кыргызстандык ишкердин укугу корголуп жатканын маалымдады
RU

ТИМ Казакстанда кармалган кыргызстандык ишкердин укугу корголуп жатканын маалымдады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда ушул жылдын июнь айында кыргыз жараны, Алматы шаарындагы "Алтын Орда" базарынын директорунун орун басары Эрмек Маркабаев кармалган. Бир нече күндөн бери анын кармалышы боюнча видео интернетке тарап жатат.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрилиги билдирүү жасап, Маркабаевге укуктук жактан ар тараптуу жардам көрсөтүлүп жатканын маалымдады.

"Министрлик жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан М.Э.К. кармалган учурдан бери укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ар тараптуу иштер жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандын жаранына карата кылмыш ишин ар тараптуу, объективдүү иликтөө жана кароо, ошондой эле консулдук коргоо жаатында эл аралык укуктун ченемдерин сактоону камсыз кылуу өтүнүчү менен министрликтин ноталары казак тарапка 2023-жылдын 5 жана 27-июнунда жөнөтүлгөн", - дешет ведомстводон.

Маркабаевдин кармалышы боюнча 2023-жылдын 7-июнунда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери аралык консулдук кеңештеринде талкуу болгон.

29-июнда Алматы шаарында кармалган М.Э.Кнын иши боюнча маалымат жыйынга Кыргыз Республикасынын Башкы консулу адвокаттар менен биргеликте катышкан.

3-июлда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары казакстандык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Маркабаевге консулдук жолугуу мүмкүнчүлүгүн берүү маселесин талкуулашкан.

Консулдук кызматкер 4-июлда тергөө абагында Маркабаев менен жолугуп, анын кармоо шарттары жана ден соолугунун абалы менен таанышкан.

17-августта консулдук кызматкер айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү өтүнүчүн кароо боюнча соттук отурумга катышкан. Өз кезегинде кыргыз жаранынын укуктарын коргоону эки адвокат башкы консулдук менен биргеликте ишке ашырууда.

Министрлик жана Башкы консулдук эл аралык укуктун жана Казакстандын мыйзамдарынын алкагында Маркабаевдин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрүп жатканы кабарланды.

Белгилесек, 24-августта Бишкектеги Горький паркында Маркабаевдин бошотулушун талап кылып жакындары тынчтык акциясына чыгышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14118