Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышуудан бир талапкер баш тартты
RU

Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышуудан бир талапкер баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерлигин көрсөткөн Абдивали Балтабаев шайлоого катышуудан баш тартты. Бул туурасында БШКдан маалымдап, анын каттоосун жокко чыгарды.

Балтабаев буга чейин тиешелүү болгон бардык документтерин тапшырып, талапкерлердин кезегин белгилѳѳ боюнча чүчү кулакка катышып, бюллетендеги катар номери 3 болгон.

Эми документте бул номер бош калат.

Белгилесек, 10-сентябрга белгиленген кайра шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны 34 болсо, анын ичинен 25 талапкердин арызы катталган. Үгүт иштери 21-августта башталып, 9-сентябрга чейин уланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14119