Ташиев Кемпир-Абаддагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбейт, деп билдирди
RU

Ташиев Кемпир-Абаддагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбейт, деп билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Өзгөн районундагы Куршаб айылынын тургундары менен жолугуп, Өзбекстанга жерлерди өткөрүп берүү маселесин талкуулады.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзгөндүн жашоочулары жерди өткөрүп берүү боюнча нааразычылык митингдерине чыгышкан. Жолугушуунун башында элдин маанайы агрессивдүү болуп, Ташиевге каршы билдирүүлөр ачык айтылып жатты. Ошондо ал анын атасына же энесине карата акаарат сөздөрду келтиргендин тилин жулуп сала тургандыгын билдирип, ата-энесине сөз тийгизбөөгө үндөдү.

Жолугушуу учурунда, Ташиев: "Кемпир-Абадды бербейбиз деп жатасыңар, туурабы? Анда угуп тургула, биз Куршаб элинин каалоосун четке калтырбайбыз. Кемпир-Абадды бербейбиз дедиңерби? Кемпир-Абадды бербейбиз, болду", - деди Камчыбек Ташиев.

Эске салсак, Өзбекстан менен макулдашууга ылайык, Кыргызстанга төмөнкү аймактар берилген:

  • Көк-Серек - 105 га;
  • Ала-Бука районундагы Баястан - 212га;
  • Кара-Суу районунда Ак-Таш - 100 га;
  • Кара Белес - 25 га;
  • Наманган жана Жалал-Абад райондорунун ортосундагы Гавасай - 8 миң га;
  • Унгар-Тоо тоосундагы жер - 35 га.

Бул жер тилкелерди өткөрүп берген Өзбекстан Кемпир-Абада суу сактагычы менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн алды. Шарихансай каналы жайгашкан 50 га жер тилкеси да коңшу өлкөгө өттү. Анын ордуна Кыргызстан Өзгөн районунан 50 га алды.

Бирок, чек арага чектеш райондордун бардык эле тургундары бул макулдашууга макул эмес. Маселен, Савай айылынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан аймактын коңшу өлкөгө өтүүсүнө каршы митингине чыгышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1411