Клипмейкер Эрнист Сыдыков жубайы менен ажырашканын ачыктады
RU

Клипмейкер Эрнист Сыдыков жубайы менен ажырашканын ачыктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү клипмейкер Эрнист Сыдыков жубайы Кымбат Асизова менен ажырашканын ачыктады. Ал жеке жашоосу тууралуу "Супер-Инфо" гезитине маек курган.

Сыдыков маегинде жубайы менен эки ажырым жолго түшкөнүнө 1 жыл болгонун айтат. Ошондой эле 3 баласы жубайында калганын, аларга алимент төлөп жатканын белгилеген.

Клипмейкер ажырашуусунун себебин - жубайлар бири-бирин укпай калганда үй-бүлө бузулат экен деп түшүндүргөн.

Өз кезегинде Кымбат Асизова Инстаграмдагы баракчасы аркылуу мурдагы жолдошунун айткандарына жооп кылган.

"Кеп - тилди угуп же укпаганда эмес, акчада дагы эмес! "Дудукка да тил бүтөт" деген сөз бар кыргызда. Аял бекеринен ажаан болбойт, ошого жеткиришет. Жакшы адамдан адам кетпейт. 3 балага 12 миң сом алимент чоң деле акча эмес", - деген Азисова.

Белгилесек, Кымбат Асизова "Көк салкын" тасмасына тартылып, актриса катары таанылган.

2012-жылы клипмейкер Эрнист Сыдыковго турмушка чыгып, түгөйлөр 3 уулдуу болушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14134