Садыр Жапаров "Барселона" академиясынын ачылышы боюнча: "Африкалыктардан эмнебиз кем?"
RU

Садыр Жапаров "Барселона" академиясынын ачылышы боюнча: "Африкалыктардан эмнебиз кем?"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда "Барселона" футболдук клубунун академиясынын курулушу чоң жаңылык болду. Мындай жарыядан кийин "Клооп" порталы "Барселона" стадионун курууга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарынын, Россиянын Росатом компаниясына тиешеси бар ири бизнесмендин аралашканын иликтеп чыкты. Анда президенттин туугандар да аралашкан деген шек саноо да бар.

Буга Садыр Жапаров "Кабар" агенттиги аркылуу жооп берди. Ал жообун "Клооп" жана башка сайттарга, өздөрүн эркин журналистмин дегендерге кайрылуудан баштады.

"Силердин илгертен бери кыргызга кылган зыяныңардан башка пайдаңар жок. Мындан ары деле болбойт. Кыргызстаныбызга пайдаңар тийбесе дагы зыяныңарды тийгизбей тургулачы сураныч. Жалаң негатив жазып, жамандык издеп өлкөгө келип жаткан миллиарддаган инвестицияларды, инвесторлорду үркүтүп жатасыңар. Ташиев-Жапаровдор өлкөдөн тышка ташыбай, тыштан өлкөгө ташып келип жаткандарына сүйүнбөйсүңөрбү!", - дейт.

Андан кийин негизги жоопко өтүп, "Барселона" клубунун академиясын инвесторлор каржылаганын айтат.

"Ооба, Ташиев-Жапаровдор жана башка чет өлкөлүк инвесторлор бар. Мамлекетке бир тыйын зыяны жок, мамлекеттин бир тыйын акчасы менен салынып жаткан жок. Мамлекеттин катыштыгы жок.

Болгону 16 гектар жер берип жатабыз. Ал 16 гектар жерди Барселона академиясы 16 миң эсе актайт. Бул социалдык долбоор.

10-15 жылдан кийин биздин балдар дүйнөлүк чемпионаттарда ойной баштайт. Африкалыктардан эмнебиз кем? Биз, кыргыздар да балдарыбызды ушул академияда даярдап, дүйнөлүк масштабдагы клубдарга жиберип турсак эмнеси жаман. Качан мамлекет үчүн күйгөндү үйрөнөсүңөр? Чымындан пил жасап, жамандык эле жаза берсеңер кайсы инвестор келет? Кантип жакшылык келет?".

Академиянын ачылышына Жапаров-Ташиевдердин катышы боюнча буларды айтты.

"Жалал-Абад шаарына Ташиевдер тээ мурдатан эле таштанды болуп жаткан жерди тазалап, футбол академиясын куруп башташкан экен. Ал академия азыр жаркырап бүтүп калды. 29-августта "Барселона" клубунун башчысы Лапорта менен биргеликте барып, аны ачабыз.

Ал академияны толугу менен Бишкектеги академияга өткөрүп берели, Бишкектеги академияны силер кургула деп сүйлөшүшүптүр. Ташиев-Жапаровдор ошол үлүш менен катышып жатышат.

Ошондо Кыргызстанда эки академия пайда болот. Бирөө түштүктө, бирөө түндүктө. Жалал-Абад Бишкектеги академиянын филиалы болуп калат. Жашыра турган эч нерсе жок.

Эгер "Клооп" баштаган башка сайттар жана башкалар биз да салабыз десе жер бергенге даярбыз. Колдорунан келсе бири "Манчестерди" алып келсин, дагы бири "Реал Мадридди" алып келип академиясын салсын. Ашыкча болбойт.

Бизде салынган имараттарды көтөрүп кетишпейт. Эгер эле 20 кабаттуу бир имаратын көтөрүп кетип бара жатышса ызы-чуу салгыла. Мен токтотуп калайын.

Мен Ташиев-Жапаровдорду дайыма чогултуп эскертип турам. Балдар, мамлекетке бир тыйын зыян келтирбегиле. Саясатка, экономикага, кадр маселелерине кийлигишпегиле. Мамлекеттен сыртка ташыбай, сырттан мамлекетке ташып келип тургула. Биз мурдакылардын катасын кайталабайлы", - деп турарын баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14140