"Барселонанын" легендаларынын бири Карлес Пуйоль Бишкекке келди. Видео
RU

"Барселонанын" легендаларынын бири Карлес Пуйоль Бишкекке келди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанга Испания курама командасынын экс-оюнчусу, "Барселонанын" вице-капитаны Карлес Пуйоль келди.

Бүгүн, 28-августта аны аэропорттон тосуп алышты. Аэропорттун сыртында Пуйолду жүздөгөн футбол күйөрмандары кубануу менен тосушту.

Белгилей кетсек, 30-августта Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Пуйоль жана башка "Барселонанын" экс-футболчулары "Азия легендалары" командасы менен беттешет. Садыр Жапаров дагы экинчи командада ойнойт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14150