Ошто киши аялы менен 13 жашар кызын сабап салган
RU

Ошто киши аялы менен 13 жашар кызын сабап салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районунда эркек киши аял менен 13 жашар кызын сабап салды. Бул туурасында укук коргоочу Назгүл Турдукулова жазып чыкты.

Айтымында, 27-августта аял менен кыз оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылды.

"Бул үй-бүлөнүн улуу кызы жүрөк кемтиги менен жабыркайт. Андан тышкары кичинекей балдары да бар. Зомбулук күчөп жатат", - деп жазды ал.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынан редакцияга окуя такталып жатканын, маалымат берилерин айтышты.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: pixabay.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14152