"Барселона" клубунун президенти Кыргызстанга келди. Видео
RU

"Барселона" клубунун президенти Кыргызстанга келди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанга "Барселона" футбол клубунун президенти Жоан Лапорта келди. Аны Тамчыдан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана депутат Бактыбек Сыдыков баш болгон топ тосуп алышты.

Ошондой эле футболчу Эдгар Дэвидс да келди. Кичинекей футболчулар Жоан Лапортадан автограф алып, чырк эткенге жетишти.

Легендарлуу клубдун президенти Бишкекке салына турган Барсанын 30-футбол академиясынын курулушуна капсула салууга катышууга ниеттенүүдө. Маалым болгондой, иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн футбол федерацияларынын президенттери да катышат.

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп атактуу клубдун футбол академиясын курат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14157