Мектептердеги акча чогултуулар жана башка көйгөйлөр боюнча ишеним телефону ишке кирди
RU

Мектептердеги акча чогултуулар жана башка көйгөйлөр боюнча ишеним телефону ишке кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдөгү билим жаатындагы бардык маселелер боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин бирдиктүү ишеним телефону (0999800500) иштей баштады. Бул туурасында аталган министрликтен кабарлашат.

Белгилүү болгондой, ишеним телефону Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 26-майындагы "Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруунун алкагында түзүлдү.

Ишеним телефону аркылуу ар кандай акча чогултууларды, маселелерди жана арыздарды билдирсе болот. Бала бакча, мектеп, лицей, колледж, университеттеги көйгөйлөр менен кайрыла аласыздар. Фото жана видео далилдерди дагы жиберүүгө болот.

Ишеним телефону 0999800500 күнү-түнү иштейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14163