Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу: "Көк-Арт" тоннелин казуу иштери бүттү. Видео
RU

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу: "Көк-Арт" тоннелин казуу иштери бүттү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандагы эң чоң "Көк-Арт" тоннелин казуу иштери аяктады. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашты.

Ведомствонун маалыматына караганда, учурда ал жерде казуу, бекемдөө иштери уланууда.

Бул тоннель "Түндүк-Түштүк альтернативдик жол" долбоорунун алкагында курулууда. Ал Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун чегинде, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 334-338-чакырымдарындагы Казарман - Жалал-Абад жол тилкесинде жайгашкан.

Тоннелдин узундугу 3890 метр, туурасы 10 метр (негизги жол 8,5 метр жана эки тарабында 0,75 метрден кызматтык тротуарлар үчүн каралган), бийиктиги 8,5 метрди түзөт.

Долбоордун баасы 136 миллион доллар. Тоннелди толук бүтүрүү 2024-жылдын аягына пландалууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14169