Камчыбек Ташиев Ала-Бука районуна эл менен жолугушууга жөнөп кетти
RU

Камчыбек Ташиев Ала-Бука районуна эл менен жолугушууга жөнөп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камчыбек Ташиев митингге чогулган Ала-Бука районун эли менен жолугушууга жөнөп кетти.

Эске салсак, кечээ, Камчыбек Ташиев Куршаб айыл өкмөтүндө эл алдына чыгып сүйлөгөнүндө, Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы жер тилекелердин ордуна Гавасай аймагынан 8 000 гектар жер алды, деп билдирген. Бирок, жергиликтүү калктын айтымында, бул жерлер ансыз деле кыргыздарга таандык, ошондуктан анын ордуна жер алмашуунун зарылчылыгы жок. Бийликтин иш аракетине нааразы болгон ала-букалыктар кечээ, 25-апрелде чогулушкан. Ташиев нааразы болгондор менен сүйлөшүү максатында ошол жака жөнөп кетти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1416