Россияда массалык мушташта кыргызстандык жабыркаган. Анын абалы айтылды
RU

Россияда массалык мушташта кыргызстандык жабыркаган. Анын абалы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Электросталь шаарындагы "Фрязево" темир жол станциясында массалык мушташ болуп, анын кесепетинен кыргызстандык жаран жаран жабыркаганы айтылган. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

Электросталь шаарынын компетенттүү органдарынын алдын ала маалыматы боюнча, массалык мушташ боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Кыргыз Республикасынын жабыркаган жаранына амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин канааттандырарлык абалда ал үйүнө чыгарылган.

Учурда тергөө иштери уланууда. Элчилик тарабынан Россиянын аталган аймагынын компетенттүү органдарына тиешелүү каттар жөнөтүлдү.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14175