КМШ чөлкөмүндө кыргызстандыктар биринчилерден болуп жаңы Airbus 220 менен учушат (фото)
RU

КМШ чөлкөмүндө кыргызстандыктар биринчилерден болуп жаңы Airbus 220 менен учушат (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-апрелде, "Эйр Манас" авиакомпаниясы жаңы Airbus 220 самолетун тартуулады.

Кыргызстан КМШ чөлкөмүндө Airbus А220 учагынын жаңы моделин биринчилерден эксплутация кыла турган өлкө болуп калды.

Кыргызстандык оператор "Эйр Манас" авиакомпаниясы. Жаңы учактар ички жана эл аралык - КМШ жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнө жасала турган рейстерде эксплуатацияланат.

Жаңы авиалайнерлерди эксплутацияга алуу үчүн "Эйр Манас" компаниясынын техникалык персоналы Франкфурт жана Цюрихтен окуп келишти.

Компания берген маалыматка ылайык, бул типтеги авиалайнерлер күйүүчү майдын чыгымын кыскартып, азоттун оксидин таштоосун азыркы нормадан 50%га төмөндөтүүгө шарт түзөт. Андан тышкары учактын добушу кыйла төмөн.

Авиапарктын жаңыланышы Кыргызстанга Европа биримдигинин кара тизмесинен чыгууга мүмкүнчүлүк берет, деген үмүт бар, деп компания билдирди. Бирок "Эйр Манастын" баа саясаты өзгөрүүсүз калат.

Экинчи учактын да ушул жылда келүүсү күтүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Airbus тогуз авиаоператорго 140тан ашык учак жеткирип берди. Бул самолеттор Азия, Америка, Европа жана Африкада ийгиликтүү колдонулуп келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1417