Бишкекте мектеп директору пара менен кармалды. Видео
RU

Бишкекте мектеп директору пара менен кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги мектептердин биринин директору пара алып жаткан учурда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалды. Маалыматты коопсуздук комитеттен кабарлашты.

Билим берүү системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында балдарды 1-класска кабыл алууда борбор калаадагы мектептердин биринин директору акча каражатын алып жаткан факты аныкталды.

Такталгандай, директор К.А.Т. билим берүү тармагынын башка кызматкерлери менен келишим түзүп алып, балдарды биринчи класска кабыл алуу боюнча коррупциялык схеманы уюштуруп алган. Натыйжада ал баланы 1-класска киргизгени үчүн ата-энеден опузалап акча талап кылган, эгер баш тартса, баланы мектепке киргизбейм деп коркуткан.

УКМК тарабынан 343-берене (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, мектептин директору К.А.Т. тергөө камак жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14180