Сириядан ондогон аялдар менен балдар Кыргызстанга алып келинди
RU

Сириядан ондогон аялдар менен балдар Кыргызстанга алып келинди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

30-августта кезектеги гуманитардык миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан лагерде турушкан Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча "Айкөл" иш-чарасы өткөрүлдү. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Сириядан Кыргызстанга атайын учак менен Кыргызстандын жарандары алынып келди. Алардын 31и аял, ал эми 64ү жашы жете элек балдар.

Кыргыз Республикасынын жарандарын Сириядан репатриациялоонун экинчи этабынын ийгиликтүү ишке ашыруу тышкы саясат, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана укук коргоо органдарынын макулдашылган өз ара аракеттенүүлөрүнүн жыйынтыгында ишке ашты.

Кыргыз тарап АКШнын өкмөтүнө бул репатриация иш-чарасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ар тараптуу жардам жана материалдык-техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетине өзгөчө ыраазычылык билдирет.

Мындан тышкары Министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын делегациясы аталган миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышында жашаган калктын муктаждыктары үчүн керектүү дары-дармектерди жеткирип, гуманитардык жардам көрсөттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14181