УКМК: Чүйдө салык кызматкерлери 200 миң сом пара алып жатканда кармалды
RU

УКМК: Чүйдө салык кызматкерлери 200 миң сом пара алып жатканда кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кармалды. Алар 200 миң сом пара алып жаткан дешет коопсуздук комитеттен.

Такталгандай, 28-августта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 343-берене боюнча 200 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Кемин районунун салык кызматынын контролдоо жана карыздарды өндүрүү бөлүмүнүн башчысы А.А.Ж., ошондой эле аталган бөлүмдүн инспектору С.А.Т. кармалды. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14184