Шаардык шайлоонун жыйынтыгы менен 25 партиядан 3 партия финансы отчетун тапшырган жок
RU

Шаардык шайлоонун жыйынтыгы менен 25 партиядан 3 партия финансы отчетун тапшырган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

11-апрелде Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышкан үч партия: "Улуу журт", "Айкөл Кыргызстан" жана Жашылдар партиясы азыркы күнгө чейин шайлоонун жыйынтыктары боюнча финансылык отчетторун тапшыра элек. Бул тууралуу Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы билдирди.

Ошондо "Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо тууралуу" Мыйзамына ылайык, бардык партиялар 10- календардык күндүн ичинде өзүнүн фондун түзүүнүн көлөмү, бардык булактары жана жасалган чыгашалары боюнча отчет берүүгө тийиш.

21-апрелде мөөнөт аяктады. Отчетту үч саясий партия берген жок.

Баш аягы шайлоого 25 саясий партия катышкан. КЭДП партиясында шайлоонун жыйынтыктары боюнча көйгөйлөр жаралып, БШК аларды шайлоо жарышынан четтеди.

Ошол эле учурда, Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы өзү жыйынтыктоочу отчетун бере элек.

Бишкек шаардык кеңешке төмөнкү алты партия өттү: "Эмгек", "Ак Бата", КЭДП, "Ата-Журт Кыргызстан", "Ынтымак" жана "Биздин эл".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1418