Башкы прокуратуранын тергөөчүсү пара талап кылганга шектелип, камакка алынды
RU

Башкы прокуратуранын тергөөчүсү пара талап кылганга шектелип, камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК опузалап акча каражатын талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, юстициянын майорун кармады. Коопсуздук комитеттин маалыматында тергөөчү менен анын шериги да кармалганы айтылат.

Такталгандай, прокуратура кызматкери тергелип жаткан кылмыш иши боюнча маселени оң тарапка чечип берүү үчүн чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн бир нече жолу опузалап пара алганы аныкталды. Ошол эле учурда кылмыш ишин башка органга өткөрүп бергенине карабай, прокуратуранын тергөөчүсү инвесторлорду кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, 8 миң доллар акча каражатын алган. Акчанын 4000 доллары Ош шаарында М.У.А. аттуу ортомчусу аркылуу прокуратуранын тергөөчүсү тарабынан алынган.

Бул фактылар боюнча 343-берененин 2-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда прокуратуранын тергөөчүсү жана анын шериги Жалал-Абад шаардык сотунун санкциясы менен 2 айга камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14203