Адилет Дубанаев Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
RU

Адилет Дубанаев Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дубанаев Адилет Садырбекович Кыргыз Республикасынын премьер-министринин 2021-жылдын 23-апрелиндеги буйругу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы маалымдады.

26-апрелде Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басары ведомствонун жамаатына тааныштырылды. Ал салык жол-жоболорун санариптештирүү маселеси жаатында иш алып барат.

Дубанаев мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун башчысы болуп эмгектенген. Мындан тышкары, ал Салык жана бажы башкаруусун санариптештирүү маселеси боюнча Координациялык кеңештин мүчөсү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1420