Кыргыз-өзбек чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттары кайрадан иштей баштады. Алар
RU

Кыргыз-өзбек чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттары кайрадан иштей баштады. Алар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-сентябрда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан "Кара-Багыш-автожол" жана "Бек-Абад-автожол" көзөмөл-өткөрүү жайлары кайрадан иштей баштады. Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымдайт.

Маалым болгондой, "Кара-Багыш-автожол" пункту Ош облусунун Араван районунда жайгашкан, эки тараптуу өткөрүү жайы макамына ээ. Ал аркылуу Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары гана транспорт каражатын пайдаланбай, жүксүз, товарсыз (жеке колдонула турчу товарлардан тышкары) жана жаныбарларсыз жөө басып чек араны кесип өтө алышат.

Ал эми "Бек-Абад-автожол" өткөрүү жайы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жайгашкан. Бул көп тараптуу өткөрүү жайы. Андан Кыргызстандын, Өзбекстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары, ошондой эле жеке пайдаланыла турчу товарларды эске албаганда кайсы мамлекетке тийиштиги бар экендигине карабастан жүк, товар жана жаныбарлары жок жеңил транспорт каражаттары чек араны кесип өтө алышат.

Чек ара кызматынан Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттөрү ортосунда жетишилген макулдашуулардан кийин аталган өткөрүү жайлары кайрадан иштей баштагандыгын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14214