Россиянын, Беларустун спортчуларына Кытайдагы Азия оюндарына катышууга тыюу салынды
RU

Россиянын, Беларустун спортчуларына Кытайдагы Азия оюндарына катышууга тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл аралык Олимпиада комитети менен Азиянын Олимпиадалык кеңеши россиялык жана беларустук спортчуларды Ханчжоудогу Азия оюндарына катышуусуна жол берүүдөн баш тартты. Мындай маалыматты The Indian Express басылмасы жазат.

"Азия оюндарында россиялык жана беларустук спортчулар болбойт, бул Олимпиада комитетинин чечими. 2023-жылда өтүүчү Азия оюндарына Россиянын жана Беларустун паспорттору бар спортчулардын катышуусунун концепциясы 2022-жылдын декабрында Олимпиадалык саммитте талкууланган", - деп билдирген Азиянын олимпиадалык кеңешинин басма сөз кызматы.

Мындай тыюу Азиядагы турнирлер аркылуу Париж Олимпиадасына жолдомо алууну көздөгөн эки өлкөнүн бардык спортчулары үчүн тоскоолдук болот деп айтылат маалыматта.

Басылма белгилегендей, июль айында өткөн Башкы ассамблеяда Азиянын олимпиадалык кеңеши эки өлкөнүн 500гө чейин спортчусуна Ханчжоудо бейтарап статуста таймашууга уруксат берүүгө макул болгон, бирок алардын катышуусу же катышпай турганы Эл аралык олимпиада комитетинин макулдугу менен кабыл алынмак.

Азия оюндары - 2023 Кытайдын Ханчжоу шаарында 23-сентябрдан 8-октябрга чейин өтөт. Анда 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына тандоо оюндарынын бири болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14228