Айгерим Расул кызы Lady World сынагына Кыргызстандын атынан катышат
RU

Айгерим Расул кызы Lady World сынагына Кыргызстандын атынан катышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Айгерим Расул кызы эл аралык Lady World 2023 сынагына катышат. Бул тууралуу ырчы өзү кабарлады.

"Ушул күнгө чейин элим үчүн, жерим үчүн ак эмгегимди жумшап аракеттенип келем. Сиздердин колдооңуздар мен үчүн абдан маанилүү. Кыргыз элимдин ар намысын бийик тутуп болгон күч аракетимди жумшайм. Дүйнөлүк "LADY WORLD" сынагына Кыргызстан мамлекети биринчи жолу катышканы турат. Ошол биринчилерден болуп бара жатканыма сыймыктанам жана жоопкерчиликти туюп турам. Буюрса, кыргыз кыздарынын аруулугун, акылмандуулугун жана эн башкысы сулуулугун дүйнө жүзүнө даңазалайм", - деди ал.

Сынак Россиянын Сочи шаарында 16-сентябрдан 23-сентябрына чейин өтөт. Анда 12 өлкөдөн 40 катышуучу чоң байгеге ат салышат.

Максаты - табигый сулуулукту, интеллектуалдык жана чыгармачылык өнүгүүнү, сергек жашоо образын, маданиятты, коомдук иштерге активдүү катышууну көрсөткөн аялдын позитивдүү имиджин калыптандыруу максатында өткөрүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14235