Соттук-медициналык эксперт кызматтык милдеттерин аткарбастан маяна алып жүргөнү аныкталды
RU

Соттук-медициналык эксперт кызматтык милдеттерин аткарбастан маяна алып жүргөнү аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөштүн алкагында Баткен облусунун соттук-медициналык экспертиза бюросундагы мыйзам бузууларды аныктады. Коопсуздук комитеттин маалыматында айтылгандай, кызмат адамдары кыянаттык менен пайдаланган.

Тергөө учурунда Кызыл-Кыя шаарындагы химиялык лаборатория 2020-жылдан бери иштебей турганын, бирок лабораториянын кызматкери жумуш ордуна маал-маалы менен барып турган. Бирок өзүнүн кызматтык милдеттерин иш жүзүндө аткарбастан маяна алып жаткандыгы аныкталган.

Объективдүү жана ар тараптуу тергөөгө чейинки аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 1 миллион 254 миң 200 сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган.

УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Баткен соттук-медициналык экспертиза бюросунун жооптуу кызматкерлерине карата зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп, андан соң тиешелүү юридикалык баа берилет дешет комитеттен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14241