Россияда чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүк менен таксиде иштөөгө тыюу салуу сунушталды
RU

Россияда чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүк менен таксиде иштөөгө тыюу салуу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик Дума россиялык айдоочулук күбөлүгү барларга гана Россия Федерациясынын аймагында такси кызматында иштөөгө уруксат берүүчү мыйзам долбоорун кароого койду. Бул тууралуу TACC маалымат агенттиги билдирди.

Либерал-демократиялык партиясынын депутаттар тобу "Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө" мыйзам учурда чет өлкөлүк же эл аралык укукка ээ жарандарга автобус же такси айдоочусу болуп иштөөгө жол бербей турганын түшүндүрүүдө.

Бирок мындай иш-аракеттерге Кыргызстандын жарандарына, ошондой эле орус тили расмий тил катары бекитилген өлкөлөрдүн жарандарына уруксат берилген.

Мыйзам долбоорунун авторлору эми бул жобону алып салууну сунуштап жатышат. Депутаттардын айтымында, Россиядагы автокырсыктар боюнча абал негизинен чет өлкөлүк укуктарга ээ болгон айдоочулардын күнөөсүнө улам жагымсыз бойдон калууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14244