COVID-19 Бишкекте: 70 окуучу жана 31 мугалим ооруп жатат
RU

COVID-19 Бишкекте: 70 окуучу жана 31 мугалим ооруп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

27-апрелге карата Бишкек боюнча коронавирустук инфекциядан 69 окуучу жабыркаса бирөөндө пневмония аныкталды. COVID-19 менен 24 мугалим ооруп, 7 мектеп кызматкеринде пневмония аныкталды. Бул тууралуу брифинг учурунда билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Эльмира Иманалиева маалымдады.

Анын айтымында, 14 мектеп карантинге жабылды.

26-апрелден тартып 4 мектепте окуу процесси кайрадан офлайн форматта башталат, тилекке каршы, дүйшөмбү күнү дагы 5 мектепти карантинге чыгарууга туура келди.

"Эпидемиялык кырдаал жакшы болсо 29-апрелде бир мектептен карантин алынат, ал эми 4-майда 8 мектеп кадимки форматта иш алып бара башташат", - деди шаардык билим берүүнүн жетекчиси.

Эки бакча карантинде жана бир даярдык группа 22-апрелден 3-майга чейин онлайн окутууга жөнөтүлдү, - деп Иманалиева кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1424