Бишкекте 6 жигит өспүрүмдү уурдап кетип, андан кийин сабап салышкан
1875
Бишкекте 6 жигит өспүрүмдү уурдап, андан кийин сабап салышкан. Бул туурасында Ленин РИИБден кабарлашты.
Такталгандай, 3-сентябрда С.Ш. аттуу жаран милицияга кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Айтымында, ошол күнү Садырбаев жана Валдайский көчөлөрүнүн кесилишинен жашы жете элек баласын бейтааныш адамдар унаага күч менен салып, белгисиз тарапка алып барып сабап салышкан.
Бул факты боюнча тергөө кызматы тарабынан "Адам уурдоо" беренеси менен иш козголгон.
slide 2 of 6
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: 1MI.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/14252