Ноокат районунун тергөө судьясынын эки жарандыгы бар экени аныкталды
RU

Ноокат районунун тергөө судьясынын эки жарандыгы бар экени аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясы чет мамлекеттин жараны экендигин аныктады. Бул тууралуу коопсуздук комитеттин маалыматында айтылат.

Такталгандай, 2016-жылы Б.Н.М. президенттин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган. 2021-жылдын 26-июнунда президенттин жарлыгы менен Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы болуп дайындалган. Андан соң 2022-жылдын 30-апрелинде Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясынын кызматына которулган.

Кыргыз Республикасынын судьялыгына талапкер катары тандоо процессинде Б.Н.М. чет мамлекеттин жарандыгы бар экенин жашырганы УКМК тарабынан тастыкталган.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Б.Н.М. судьялык кызматты ээлей албайт жана ээлебеши керек. Анткени ал Кыргыз Республикасынын жарандыгынан тышкары чет мамлекеттин жарандыгына ээ.

2023-жылдын 29-августунда прокуратура тарабынан Судьялар кеңешине Ош облусунун Ноокат районунун тергөө судьясы Б.Н.Мга карата дисциплинардык иш козгоо жөнүндө өтүнүч келтирилди.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Pixabay.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14255