Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүүгө каршы чыккандарды суракка чакыртып жатышат
RU

Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүүгө каршы чыккандарды суракка чакыртып жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын ӨКМинин жетекчисинин мурунку орун басары, активист Акыл Айтбаев Өзгөн районундагы митинге катышып, Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өткөрүлүшүнө УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге каршылыгын билдирүү акциясына катышкан. Эми аны суракка чакыртышыптыр. Суракка чакыртуу повесткасынын сүрөтү тартылып, социалдык тармактарга жайылган.

Повестканын сүрөтүнө ылайык, 1965-жылы туулган Айыл Айтбаев Ош облусунун Өзгөн районунун ИИБсине 26-апрелде, саат 16:00до күбө катары суракка чакыртылган.

Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөткө себепсиз келбесеңиз Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 121-беренесниин негизинде айдап келүүгө жатасыз, деп повесткада жазылган.

Белгилей кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүлүп беришине каршы митинг 25-апрелде өткөн. Митингге УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев келип жарандар менен сүйлөшкөн. Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуу учурунда ал суу сактагыч коңшу өлкөгө берилбей турганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1425