Бишкек-Торугарт жолунда айдоочунун унаасынан марихуана табылды
RU

Бишкек-Торугарт жолунда айдоочунун унаасынан марихуана табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Торугарт жолунда бара жаткан айдоочунун унаасынан марихуана табылды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, Баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын кызматкерлери Бишкек-Торугарт жолунун 23-чакырымында Toyota Avensis унаасын токтотуп, текшерүүгө алган. Анда багажниктен 5 литрлик желим бөтөлкөнүн ичинде өзгөчө жыты бар эзилген зат жана целлофан баштык алынган.

Алынган заттын жалпы салмагы 3,85 кг кургатылган марихуана экени аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголду. 39 жаштагы С.Р. аттуу айдоочу Октябрь РИИБдин тергөө кызматына жеткирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14279