Кыргызстан жумуртка өндүрүүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБде биринчи болду
RU

Кыргызстан жумуртка өндүрүүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБде биринчи болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан Евразия экономикалык бирикмесинде жумуртка өндүрүүнүн өсүшү боюнча алдыга чыкты. Мындай маалымат Евразия экономикалык комиссиянын сайтында жазылды.

Анда белгилүү болгондой, январь-июль айларында республикада 416,6 миллион даана жумуртка өндүрүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,9 пайызга көп.

"Бул убакыт аралыгында биримдиктин аймагында жумуртка өндүрүү 1,6 пайызга өскөн. Бул 33 миллиарддан ашык жумуртка көп өндүрүлдү дегенди түшүндүрөт", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14282