Жетим-Тоо кенин өкмөт өз алдынча, Кытайдын жардамын албай иштетет
RU

Жетим-Тоо кенин өкмөт өз алдынча, Кытайдын жардамын албай иштетет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын өкмөтү Жетим-Тоо кенин кытай компаниясына өткөрүп берет деген маалымат боюнча комментарий берди.

Билдирмеде: Айрым саясатчылар Нарын облусунда жайгашкан "Жетим-Тоо" кени кытайлык компанияга берилип кетти деген чындыкка дал келбеген маалыматтрады таратууда. Мындай жоопкерчиликсиз билдирүүлөр коомчулуктун адашуусуна, чыңалууга алып келип, инвесторлорго карата терс мамилени күчөтөт, - деп жазылган.

"Жетим-Тоо" кени мамлекетке таандык жана бир дагы чет элдик компания геологиялык чалгындоо же иштетүү укугуна ээ эмес. Мамлекет аталган кенди өз алдынча иштетүүнү пландаштырууда, ал үчүн өзүнчө мамлекеттик компания түзүлөт. Бул кенди өз алдынча иштетүү өлкөдө, анын ичинде Нарын облусунда жаңы өндүрүш ишканаларын ачууну, кошумча жумуш орундарын түзүүнү шарттайт.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, "Жетим-Тоо" кениндеги Данга участкасын иштетүүдөн гана жылына $200 миллион ашуун киреше түшөт. Бул бюджеттин кирешесин көбөйтөт, социалдык программалар каржыланат жана акчанын бир бөлүгүн өлкөнүн тышкы карызын төлөөгө жумшаса болот.

Долбоорду ишке ашырууда, салыктарды төлөөдөн тышкары, жергиликтүү элдин кызыкчылыктары эске алынып, дүң кирешенин 2% Нарын облусун өнүктүрүү фондуна чегерилет.

Кенди иштетүүдө алдыңкы технологиялар колдонулуп, ошол эле учурда экологиялык талаптар сакталат. Аны иштетүү этап-этабы менен жүргүзүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/142