Президент өзүнө кеңешчи дайындады
RU

Президент өзүнө кеңешчи дайындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бектур Зулпиев мамлекет башчынын кеңешчиси болуп дайындалды. Бул туурасында бүгүн, 7-сентябрда президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, президент Садыр Жапаров Бектур Зулпиевди кеңешчи кылып дайындоо боюнча жарлыгына кол койду.

Эске салсак, Зулпиев 2022-жылы министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси – президенттик аппараттын жетекчиси кызматын ээлеген. Ага чейин 2021-жылдын май айында Зулпиев Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14300