Алымкадыр Бейшеналиев: Мен пландарымды улантам
RU

Алымкадыр Бейшеналиев: Мен пландарымды улантам

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алымкадыр Бейшеналиев министрлик кызматка дайындалышы боюнча Kaktus.media сайтына комментарий берди.

Анын айтымында, президент аны министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаганы күтүүсүз болду. Бул тууралуу ал журналисттерден билген.

"Мен билген эмесмин, дайындоо тууралуу журналисттерден жаңы эле билдим. Азыр Ысык-Көл облусунан Бишкекке баратам, бир сааттан кийин өзүмдүн милдетимди аткарам. Бардык пландарымды улантам", - деди жаңы Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучусу.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы жетекчиси Гүлнара Баатырова Социалдык өнүктүрүү министринин убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал эми былтыр министрлик кызматты аркалап, бирок кылмыш иши козголуп, кызматынан бошотулган Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу болду. Кийинчерээк бардык кылмыш иштери кылмыштын курамы жок болгондуктан токтотулганы белгилүү болгон.

Анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө сунушталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14303