Акжол, Жоламан, Айсулуу..Дүйнө биринчилигине катыша турган балбандардын тизмеси жарыяданды
RU

Акжол, Жоламан, Айсулуу..Дүйнө биринчилигине катыша турган балбандардын тизмеси жарыяданды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын күрөш боюнча (эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана грек-рим күрөшү) курама командасы 16-24-сентябрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашты.

Белгилүү болгондой, аталган мелдеш 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн өткөрүлөт. Анда жалпы 10 салмак боюнча 90 квота ойнотулат.

16-18-сентябрь күндөрү эркин күрөш боюнча курама команда беттешет. Улуттук курама команданы улук машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабеков жана башкы машыктыруучу Руслан Маджинов жетектейт.

Эркин күрөш боюнча курама команда:

  • - 57 кг Алмаз Сманбеков;
  • - 65 кг Икромжон Хаджимурадов;
  • - 70 кг Эрназар Акматалиев;
  • - 74 Арсалан Будажапов;
  • - 86 кг Нарбек Изабеков;
  • - 97 кг Каныбек Абдулхаиров.

18-21-сентябрь күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтөт. Улуттук курама команда улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев, башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана Билимбек Капарбековдун жетекчилиги алдында беттеш өткөрүшөт.

Кыз-келиндер күрөшу боюнча курама команда:

  • - 59 кг Кальмира Билимбек кызы;
  • - 62 кг Айсулуу Тыныбекова;
  • - 68 кг Мээрим Жуманазарова;
  • - 72 кг Нурзат Нуртаева;
  • - 76 кг Айпери Медет кызы.

21-24-сентябрь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт. Улуттук курама команданы улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков,башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев жана Мейрамбек Ахмедов жетектейт.

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда:

  • - 60 кг Жоламан Шаршенбеков;
  • - 67 кг Амантур Исмаилов;
  • - 77 кг Акжол Махмудов;
  • - 87 кг Азат Салидинов;
  • - 97 кг Бексултан Махмудов.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14304