Өлкөдө Wildberries`тин ишмердүүлүгү убактылуу токтогону айтылган. Министрлик четке какты
RU

Өлкөдө Wildberries`тин ишмердүүлүгү убактылуу токтогону айтылган. Министрлик четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Wildberries компаниясы Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн убактылуу токтотконун Kaktus.media сайтына КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Соода-өнөр жай палатасынын маалыматында Темир Сариев Wildberries компаниясынын өкүлү Максим Губанов менен жолугуп, аталган платформа аркылуу Кыргызстандан товарларды ташууга байланышкан олуттуу көйгөйлөрдү талкуулаганы айтылат.

Ишкана Кыргызстандан товар ташууну эки аптага токтоткону, буга казак тараптын айрым документтерди көрсөтүү талабы себеп болгонун кабарлады.

Wildberries күн сайын жалпы суммасы 25 миң доллардан ашкан 5 тоннадан ашык товар жөнөтөт.

"Мындай жагдай бул платформа аркылуу иштеген кыргызстандыктардын кирешесине олуттуу таасир этиши мүмкүн", - деди Сариев.

Ошондой эле Темир Сариев көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, аба каттамы жана темир жол аркылуу товарларды жөнөтүүнү талкуулашты. Бул варианттардын баары кылдат изилденет.

Ал эми Экономика министрлигинен жагдай андай эмес экенин редакцияга билдиришти. Ведомстводон Wildberries бул маалыматты четке кагып, мурдагыдай эле Кыргыз Республикасынан товарларды кабыл алып, ошол эле учурда документ жүгүртүүдөгү көйгөйлөрдү чечип жатканын айтууда дешет.

Кийинчерээк Соода-өнөр жай палатасы Кыргызстандан товарларды ташуу иш жүзүндө токтоп калбаганын тастыктады.

Июнь айында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Wildberries компаниясынын башкы директору Татьяна Бакальчук менен жолугушкан. Жолугушууда алар электрондук коммерцияны өнүктүрүүнүн келечеги жана рыноктун алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөшүшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14313