Алымкадыр Бейшеналиевди Саламаттыкты сактоо министрлигине Эдил Байсалов тааныштырды
RU

Алымкадыр Бейшеналиевди Саламаттыкты сактоо министрлигине Эдил Байсалов тааныштырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 7-сентябрда Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатына жаңы жетекчини - министрдин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиевди тааныштырды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы жетекчиси Гүлнара Баатырова да катышты.

Эскерте кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигине кайтып келгени кечээ, 7-сентябрда белгилүү болгон. Ошол эле учурда буга чейин бул кызматты аркалап келген Гүлнара Баатирова КРнын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14320