Айбек Күрөңкеев "Мегакомдун" башкы директору болуп дайындалды
RU

Айбек Күрөңкеев "Мегакомдун" башкы директору болуп дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-сентябрда, "Альфа Телеком" (Mega, мурдагы MegaCom) жабык акционердик коомунун башкы директору Нурлан Мамытов кызматынан алынып, анын ордуна Айбек Күрөңкеев дайындалды. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Айбек Күрөңкеев 1984-жылы 8-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз-Россия Славян университетин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2002-2003 - Программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар альянсы, долбоордун менеджери;
  • 2003-2004 - Окуу-консалтинг борбору, финансылык консультант;
  • 2004-2007 - "Ареопаг-Бишкек", финансы аналитиги, финансы менеджери;
  • 2007 - M&P компаниясы, Душанбе (Тажикстан), финансы директору;
  • 2007-2008 - "Шоро", Логистика департаментинин директору;
  • 2008-2010 - ISR Consult, башчы;
  • 2010-2014 - "Кыргызстан" мамлекеттик эмес топтоо пенсиялык фонду, башкы директор;
  • 2014-2016 - "Кыргыз Телеком" ААК, "Бишкек шаардык телефон тармагы" филиалы, директор;
  • 2017-2021 - "Байланыш операторлорунун ассоциациясы", аткаруучу директор;
  • 2021-жылдын 1-августунан тарта - "Электрондук коммерция ассоциациясы", негиздөөчүсү, президент;
  • 2023-жылдын 8-сентябрынан тарта - Mega, башкы директор.

Сыйлыктары:

  • Өлкөнү санариптештирүүгө кошкон салымы үчүн президенттин Ардак грамотасы;
  • Электрондук сооданы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн экономика жана каржы министринин Ардак грамотасы;
  • өлкөнүн IT жана телекоммуникациялык тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мамлекеттик байланыш министринин Ардак грамотасы;
  • Кыргыз IT-форумунун "Жылдын ачылышы: электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" номинациясынын диплому.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14322