Бишкекте автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борбору ачылды
RU

Бишкекте автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борбору ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борбору салтанаттуу ачылды. Бул туурасында Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Иш-чарага министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын партиялык комитетинин катчысы Линь У, Кытайднын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана "Zhongtong bus" компаниясынын жетекчилиги катышты.

Тейлөө борбору Бишкектеги бардык автопарктарды тейлеп, тетиктерин оңдоо жана алмаштыруу иштери кыска мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөрү, бул линиядагы автобустардын жетишсиздик көйгөйүн чечүүнү тездете турганы белгиленди.

Акылбек Жапаров кытай автобустарын колдонуунун буга чейинки кейиштүү тажрыйбасын эске алуу менен тейлөө борборунун иштеши өтө зарыл болгонун белгиледи.

Мындан тышкары Министрлер кабинетинин төрагасы кытай тарапка автокомпьютердик томограф менен камсыз кылганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал автотомограф сыноодон өтөрүн, эгер ал сыноодон ийгиликтүү өтсө кыргыз тарап бул медициналык аппараттарды кошумча көлөмдө сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карай турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Кытайга жасаган мамлекеттик сапарында жетишилген макулдашуулардын алкагында өлкөгө Кытайдан чыккан 1000 автобус келиши керек.

Учурда борбор калаага 250 автобус келди, алар каттамга чыгышкан. Дагы 250 автобус 2023-жылдын аягына чейин келет, калган 500 автобус Кыргызстанга 2024-жылы алынып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14324