Равшан Жээнбековдун билдирүүсүнө байланыштуу УКМК эскертүү берди
RU

Равшан Жээнбековдун билдирүүсүнө байланыштуу УКМК эскертүү берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Равшан Жээнбековдун УКМК тарабынан кыйноо жана куугунтуктоо уюштурлду деген билдирүүсү боюнча комментарий берди. Коопсуздук комитетинен саясатчынын айткандарын четке кагышты.

Маалыматта айтылгандай, Р.Жээнбековго карата козголгон кылмыш иши Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда саясатчы Жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө камак жайында камакта.

"УКМК Кыргыз Республикасында чыр-чатакка жана башаламандыкка багытталган мындай жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандар үчүн тиешелүү жоопкерчиликтер каралгандыгы боюнча кайрадан эскертүүгө мажбур болууда", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14326